USAID Кыргызстан, Казакстан менен Түркмөнстандан кетет

27 апреля 2017 15:09 424 Barometr
Поделиться в:
ok
“АКШ Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) боюнча Тажикстанга берилген көмөктү 47,6 пайызга азайтат, ошол эле маалда Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан бул жардамдан таптакыр куру калышы ыктымал. Бул тууралуу USAIDдин 2018-жыл үчүн жарыяланган бюджетинде айтылат”,- деп жазды The Foreign Policy басылмасы.
Долбоордун бюджетинде белгилүү болгондой, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилчү бюджеттин кыскартылышы АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан бекитилген.
Сканерден өткөрүлгөн бюджет долбоорунда Украинага берилчү көмөк 68,8 пайызга - 570 миллиондон 177,8 млн долларга чейин кыскартылганы белгиленет. Тажикстандыкын 47,6 пайызга – 17 миллионго дейре, Молдаваныкын – 47,4 пайызга (16 млн долларга чейин) кыскартуу сунушталган. Каржылык көмөктөн Армения, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, ошондой эле Вьетнам жана Куба толук ажырашы ыктымал.
Ошол эле маалда Ирак менен Сирияга берилчү жардамды жогорулатып, бул цифраны $300 млн. жана $150 млн долларга чейин көбөйтүү сунушталып жатат. 
 
Буга чейин Ак үйдүн администрациялык-бюджеттик башкармалыгынын директору Мик Малвэни АКШнын Мамлекеттик департаментин каржылоо келерки жылы 28%га кыскарып, ал эми Пентагонду каржылоону 10%га жогорулатып жатышканын айткан. “Сиздер Мамлекеттик департаменттин чыгашаларынын жетишерлик чоң көлөмдө кыскарганын көрө аласыздар жана мен 28 пайызга чейики кыскартуу тууралуу айтып жатканымды кошумчалап кетким келет”,- деп айткан башкармалыктын жетекчиси журналисттерге. “Мамлекеттик департаменттин бюджетинде көргөнүңүздөр чет элдик көмөк программасынын кыскарышынын чагылдырылышы болуп калат. Биз Мамдепартаменттин дипломатиялык функцияларынын “ядросун” коргоп калдык деп эсептейбиз”,-деп билдирди Малвэни. “Каржыны кыскартуу планы агенттиктин өзүнө дагы тиелешүү болуп калышы ыктымал”,- деп кошумчалайт Foreign Policy. USAIDдин башкаруучусу Уэйд Уоррен бир аз мурда администрациянын аткаминерлери ведомтвону жоюу тууралуу маселени карап жатышканын айткан. 1999-жылы АКШда чет өлкөлөрдөгү маалымат жана маданий программаларды каржылоого адистешкен маалымат боюнча агенттик жабылып, анын көптөгөн долбоорлорун Мамлекеттик департамент өзүнө алган. Бирок ооруларды жана азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча маселелер менен иш алып барган агенттикти кыскартуу абдан үлкөн иш болуп калышы ыктымал. “Бул катастрофа болот”,-дейт президент Джордж Буштун тушунда USAIDде администратор болуп иштеген Эндрю Натсиос - Мен биз көп жоготууга учурайбыз деп болжоп жатам. Уюмдагы азыр чыгашаларды кыскартуу боюнча туура эмес ойлонулган жана ойлонулбаган өзгөртүүлөр биз үчүн кымбатка туруп калат деп эсептейм”.
Конец переписки
 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1257



Добавить комментарий