Жаманбаев көчөсү жабылат

15 март 2018 09:53 468 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оӊдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги Жаманбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 14-марттан 30-августка чейин Жаманбаев көчөсүнүн Токтоналиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылып, аталган бөлүктө оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content12449



Добавить комментарий