Кыргызстанда 5-майдан 9-майга чейин эс алуу жарыяланды
Поделиться в:
Кыргызстанда 5-майдан 9-майга чейин эс алуу жарыяланды Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин, тактап айтканда беш күн эс алышат. Бул тууралу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эмгек Кодексинин 113- беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, эс алуу жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күндөрдү которуу боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду. Т
октомго ылайык, беш күндүк жумуш күн графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы эс алуу күнү, 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content1244
Добавить комментарий ×