"Кыргызтелеком" линияларды бузуп албоого чакырат
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коому Кыргызстандын баардык жарандарын, юридикалык тараптарды волокно-оптикалык линия байланыштары (ВОЛБ) жайгашкан жерлерде талаа жумуштарын, ошондой эле имараттарды, курулмаларды, жолдорду курууда жана реконструкциялоо иштеринде компанияга маалымдап коюуга чакырды.
Компаниянын басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чаралар ВОЛБнын бузулушун алдын алат.
Белгилүү болгондой, байланыш линиялары жайгашкан аймактагы иштер "Кыргызтелеком" ААКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошондой эле компания байланыш линияларын жарактан чыгарган учурда жоопкерчилик карала турганын эскертет. Мыйзамга ылайык, кабелди жараксыз кылган тараптар компанияга материалдык чыгым гана эмес, моралдык чыгым дагы төлөп берүүгө милдеттүү.
Дал ушул волокно-оптикалык линия байланыштары маалыматтын баарын берүүгө багытталган байланыш түйүндөрүн бере алат.
тышкары компания кабелди түстүү металлга өткөрүш үчүн аны уурдоо учурлары болуп жатканын дагы өкүнүү менен белгилейт. Уурулар волокон-оптикалык кабелдин курамында жез болбой турганын билбей эле аны кесип салышат жана бул иштин кесепетин ойлошпойт. Мындай кабель түстүү металл сатып алуучуларга баалуу эмес. «Кыргызтелеком» волокно-оптикалык линия байланыштары компаниянын жеке менчиги экенин эскертет.
Компания ошондой эле волокно-оптикалык линия байланыштары жайгашкан аймакта жер кыртышын иштетүүгө байланышкан иштерди жүргүзүүдө дагы "Кыргызтелеком" ААКына эскертүүнү сунуштайт.
Өз кезегинде "Кыргызтелеком”ААКы техникалык көзөмөл үчүн иш жүрүп жаткан жерге өз маалында барууга жана волокно-оптикалык линиялардын бүтүндүгүн сактоого чара көрүүгө милдет алат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1243
Добавить комментарий ×