Базар-Коргон районунда жер көчкүдөн эки адам каза тапты. Президент көңүл айтты
Поделиться в:
Введите сообщение...
Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областынын Арсланбап айылында болгон жер көчкүнүнүн кесепетинен каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана аларга материалдык көмөк берүүнү тапшырды. Ошондой эле мамлекет башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр таркандарды дарылоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну табыштады. Эскерте кетсек, 23-апрелде Базар-Коргон районунун Арсланбап айылында жер көчкү түшкөн. Тоонун четиндеги жер жылып тоонун булагына түтүктөрдү салып жүргөн төрт адамды басып калган. Эки киши каза тапкан.
Конец переписки
|
Введите сообщение...
Ссылка: https://barometr.kg/content1238
Добавить комментарий ×