21-марттан бери дайынсыз делинип жаткан подполковникти өлтүрүп кетишти
Поделиться в:
Ошто милициянын подполковнигин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан журналисттерге маалымат таратышты. Маалыматка караганда, милициянын подполковнигинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси кечээ, 23-март күнү табылган. Ал Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкери болчу. 21-мартта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/content1228
Добавить комментарий ×