Кыргызстанга эртең Анатолий Карпов келет

24 марта 2017 12:28 339 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөнүн шахмат оюну боюнча 12-чемпиону Анатолий Карпов эртен, 25-мартта Бишкекке келет. Ал шахмат боюнча балдар арасындагы мелдештин сыйлык тапшыруу аземине катышат.  Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымында, Анатолий Карповдун келиши өлкөдөгү оюнчулар үчүн эң жакшы жаңылык болуп калат. Жаш шахматчылар дүйнө чемпионунун колунан белек сыйлык алып кубанышат,  деди ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1224



Добавить комментарий