“Кел-Булу” өткөрүү пункту ремонт иштерине байланыштуу жабылды
Поделиться в:
27-марттан тарта «Ке-Булу» өткөрүү пункту жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Берилген маалыматка ылайык, өткөрүү жайындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу адамдарга, жүк ташуучу жана жеңил унааларга өтүүгө тыюу салынат. Аталган обьектте курулуш иштери качан бүтөт азынча белгисиз. “Жарандар "Ак жол", "Ак тилек", "Токмок" жана " Чалдыбар" өткөрүү пункттарынан өтүп турушат”,-дейт чек ара кызматы. Жакынкы убактарда "Ак тилек" жана " Чалдыбар" өткөрүү пункттарын да жаңылоо пландалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content1220
Добавить комментарий ×