Борбор калаадагы өтмөк жайлар оңдолот, азырынча мэрия эскиздерин жарыялады

23 марта 2017 17:52 558 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордогу үч жер өтмөк оңдолот. Капиталдык курулуш башкармалыгы ишти апрель айынын аяктарында баштоону пландап жатат. Бишкек шаарынын көрүнүшүн жакшыртуу максатында мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы жер алдындагы өтмөктөрдү ремонттоого сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Билдирмеде айтылгандай, оңдоо иштери Чүй — Манас проспектилериндеги жана Чүй — Абдрахманов көчөсүндөгү жер өтмөктөргө жүргүзүлөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1219



Добавить комментарий