Кыргызстанда 12 жыл бою иштебеген банк жоюлду

5 марта 2018 15:11 650 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык райондор аралык сотунун чечими менен «Ак Банк» ачык акционердик коому кардарларга акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок деп табылды. Банкка карата мажбурлап жоюу иштери башталган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.   

Эскерте кетсек, Улуттук банктын чечими менен 2005-жылы 26-сентябрда “Ак Банк” консервацияланган, 31-октябрда анын лицензиясын кайра чакыртып алышкан.

2017-жылы июнда ага убактылуу администрациялоочу атайын режим киргизилген. Улуттук банк эки ирет банкты жоюу процессин демилгелеген, бирок сот талапты канааттандырган эмес. Жыйынтыгында “Ак банк” кагаздагы гана банк болуп калган.

Февраль айында соттун чечими банкты мажбурлап жоюу процедуралары башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content12175



Добавить комментарий