Аида Касмалиева «СДПК» фракциясынан депутат болду
Поделиться в:
Журналист Аида Касымалиева КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына кабарчысы БШКнын жыйынынан билдирет. Борбордук шайлоо комиссиясы ага мандат жана депутаттык төш белгисин берди. Эскерте кетсек, апта башында Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көлдүн губернатору болуп дайындалган. Анын ордуна партиянын талапкерлер тизмеси боюнча президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов келмек. Бирок ал арызын жазып, мандаттан баш тарткан. Андан кийинки кезек Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевге жеткен. Ал дагы депутат болуудан баш тартып, мандат Аида Касымалиева буюрду.
Ссылка: https://barometr.kg/content1215
Добавить комментарий ×