Жумгалда калың кардан улам 4 үй-бүлө турак жайсыз калышты
Поделиться в:
Жумгал районунда калың кардын массасын көтөрө албаган эки кабаттуу турак-жайдын чатыры урап түштү. Анда жашаган 4 үй-бүлө сыртта калды. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Учурда үй-бүлө мүчөлөрү туугандарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалоодо. Турак-жайдын чатырынын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү Миң-Куш айыл өкмөтүнө милдеттендирилди. Жеринде турак-жайда жашаган жарандар менен райондук жарандык коргонуу комиссиясы жолугушуп, өрт кырсыктарынан жана табигый кырсыктарынан турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/content1214
Добавить комментарий ×