Алматы Ташкент темир жол каттамы ачылды

23 марта 2017 12:48 400 Barometr
Поделиться в:
ok

«Алматы-2» темир жол бекетинде «Алматы-Ташкент» каттамынын салтанаттуу ачылышы болуп, эл аралык жүргүнчү ташуучу жаңы поезд жолго чыкты. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты. 29 вагондон турган поезд Алматыдан ар дүйшөмбү жана ишемби, Ташкенттен – ар шейшемби жана жекшемби күндөрү жолго чыгып турат. Каттамдын узактыгы – 16 саат 30 мүнөттү түзүп, жолдон поезд Отар, Шу, Тараз, Шымкент жана Сарыагаш деген беш гана станцияга токтойт. Каттамды ачуу салтанатында «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын вице-президенти Эрик Имашев эки өлкө борборлорунун ортосундагы темир жол каттамы «мамлекет башчылардын акылдуу саясатынын жыйынтыгында» ачылып жатканын билдирди. Казакстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-мартта расмий сапары менен барган.

Ссылка: https://barometr.kg/content1212



Добавить комментарий