УКМК Өмүрбек Текебаевдин кармалуусуна документтердин тастыкталганын айтты

23 марта 2017 11:39 392 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча "Ата Мекен" партиясынын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Мекеме Текебаевге козголгон кылмыш ишине карата жетиштүү далилдер бар экенин маалымдайт. Тергөө иштери Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы менен сот келтирилген далилдерге баа берип, айыпталуучунун күнөөсүнүн деӊгээлин аныктай турганы айтылды. УКМК айрым жагдайлар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбай турганын баса белгиледи.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1210



Добавить комментарий