“Токмок Автожол өткөрүү жайы ачылды, текшерүү 2 гана мүнөттү алат

23 марта 2017 10:44 461 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-мартта Кыргызстандын ЕАЭБтеги кызматташтыгы алкагында "Токмок-Автожол" өткөрүү жайы ачылды. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеевдин айтымында, жарандар чек ара көзөмөлүнөн 2 мүнөттө текшерилип өтө алат. Токмоктогу өткөрүү жайы жеңил унаалар үчүн гана ылайыкталган. Чек ара кызматынын жетекчилиги жаңыланган имаратта текшерүү иштери кыйла ыкчамдашарын белгилейт. "Токмок-автожол" жайын кайрадан куруу иштери 2016-жылы сентябрь айында башталалган. Аны жаңылоого 37 миллион сом сарпталып, көзөмөл жайынын жалпы аянты 6 миң чарчы метрди түзөт

Ссылка: https://barometr.kg/content1208



Добавить комментарий