Мектептер аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыкты
№13 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлигинин, И.Раззаков атындагы КМТУнин профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.
Олимпиаданын башкы максаты болуп окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү саналат. Окуучулардын олимпиадасы 2017-жылдын 27 жана 28-февралында И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты. Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катышышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1205
Добавить комментарий ×