.Нооруз майрамын майрамдоодо жалпысынан 6 миң 500 жоогазын тебеленген
Поделиться в:
Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, кечээ “Ала-Тоо” борбордук аянтында Нооруз майрамын майрамдоо учурунда 165 квадрат метр жерге өстүрүлгөн 6 миң 500 тюльпан тепселенген. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан Курманжан Датканын эстелигинин айланасындагы 20 квадрат метр жердеги, галереянын айланасындагы 70 квадрат метр жердеги, андан тышкары Чүй проспектисиндеги 75 квадраттык метр жерде өстүрүлгөн тюльпандар тепселенген. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери март айынын башында борбордогу клумбаларында бары болуп 120 миң тюльпан тигишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content1204
Добавить комментарий ×