Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

22 марта 2017 14:42 395 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек. Андан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда түрдүү жаңжалдар чыгып келет. Мунун алдын алыш үчүн

Ошто мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун 10 күнгө созулган сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын чектешкен аймактарындагы талаш чек ара тилкелеринде биргелешкен иликтөө жана ченөө иштери жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар тиешелүү протоколдорго кол коюшту.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1200



Добавить комментарий