Мыйзамсыз дарак кыйгандар кармалды
Поделиться в:
Сокулук районунун Маловодный айылында мыйзамсыз бактарды кыйган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын текшерүү иштерин жүрүшүндө белгилүү болду. Мааалым болгондой, Сокулук районунун Бактыбек Медербаев аттуу тургуну Малаводный орто мектебинин жанында өз билемдик менен 4 түп карабак багын кыйып салган. Жеринде Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү актыларды толтуруп, аныкталган мыйзам бузуу боюнча Б.М аттуу жаранга айып доолор коюлду. Учурда коюлган айыптар Мамэкотехинспекция тарабынан толугу менен өндүрүлдү. Эске салсак, уруксаатсыз, өз билемдик менен бактарды кыюу мыйзам бузуу болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1199
Добавить комментарий ×