Иштамберди кенинде эл жети күндөн бери алтын ташып кетип жатат
Поделиться в:
Агрессивдүү болгон жергиликтүү тургундар Иштамберди алтын кенинде жети күндөн бери алтын кенин ташып кетип жатат. Бул тууралуу Barometr.kgге Ала-Бука районунун акимчилигинен кабарлашты.
19-февралда Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгына арматура менен куралданган 70-80дей адамдар кенге кирип келип алтын кендерин каптарга салып кетип жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Милициянын 10 кызматкери аталган жерге барышкан, бирок мыйзам бузуучуларды токтото алышкан эмес.
Ошондон бери жергиликтүү тургундар кап менен алтын ташып кетип жатат.
Алар компаниянын кызматкерлерин да, милицияларды да коркутушууда.
Бул арада Ала-Бука ИИБинен аталган маалыматты тастыкташты.
Ссылка: https://barometr.kg/content11982
Добавить комментарий ×