АКШ өкмөтү учактарга ноутбук алып кирүүгө тыю салды

22 марта 2017 12:18 391 Barometr
Поделиться в:
ok

 

АКШ өкмөтү 25-марттан тарта айрым каттамдардын жүргүнчүлөрүнө учактын бортуна телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салына тургандыгын билдирди. Тиешелүү эскертүү каттары Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Кошмо Штаттарга түз каттамдарды аткарган тогуз авиакомпанияга жөнөтүлдү. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги террорчул топтор жүргүнчү ташыган учактарда теракт уюштуруу үчүн башка ыкмаларды, анын ичинде жарылуучу заттарды техника катары алып күрүү жолдорун пайдалана баштагандыгын билдирди. Башка электрондук жабдыктар менен катар эле учакка ноутбуктар менен планшеттерди да алып кирүүгө чектөө коюлат. Аларды багажга өткөрүү керек болот. Тыюу АКШга Катар, Иордания, Кувейт, Түркия, Египет, Сауд Арабиясы, Марокко жана Бириккен Араб эмираттарынан жасалчу каттамдарга киргизилет. Тиешелүү эскертүү каттары Кошмо Штаттардын аэропортторуна күнүнө 50 чакты каттам аткарган алдыңкы авиакомпанияларга жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content1196



Добавить комментарий