Пенсия жашындагылар толгон кагаз үчүн чуркабашы керек

21 февраля 2018 15:38 1174 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын пенсионерлери тастыктоочу толтура документтерди чогултпашы керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.   

Ал мыйзамдын зарыл болгон документтерди топтоо боюнча бөлүгүнө алардын санын кыскартуу боюнча оңдоолорду сунуштап жатат. Бул демилге колдоо тапса көп жеңилдик болот.

Пенсияга чыга турган жаран болгону паспортун, эмгек китепчесин жана тынымсыз иштеген 60 айдагы айлык акысы тууралуу жумуш берүүчүнүн маалыматын жана камсыздоо төлөмдөрүн көрсөтсө жетиштүү болмокчу.

Иштин калган бөлүгү Социалдык фонго жүктөлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11903



Добавить комментарий