Кинтампо шаарындагы шаркыратмадан кулап 20 киши каза тапты

20 марта 2017 16:36 325 Barometr
Поделиться в:
ok

Гананын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Кинтампо шаарындагы туристтер арасында популярдуу болгон шаркыратмадан кулаган дарактар кеминде 17 кишинин өмүрүн алганы кабарланды. Полиция жана куткаруу кызматтары дарактар катуу шамалдан омкорулуп сууга кулап, агып келген деп кабарлоодо. Айрым маалыматтарда каза тапкандар саны 20 киши деп айтылат. "Каза тапкандардын көпчүлүгү Венчи лицейинин окуучулары. Арасында туристтер дагы бар. Биз дарак басып калгандарды куткаруу аракетин көрдүк»,-деп билдирди аймактагы Ѳрт өчүрүү кызматынын өкүлү Бирлли Анаглате. Анаглатенин айтымында, 18 киши окуя болгон жерде эле набыт болгон. Дагы эки киши ооруканада көз жумду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1190



Добавить комментарий