Абай болуңуз. ӨКМ бүгүн түндө катуу шамал болорун эскертти!
Поделиться в:
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй областы менен Бишкек шаарында катуу шамал болорун эскертти.
Синоптиктер берген маалыматка таянсак, шамалдын күчү секундасына 20 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары эртең түштөн кийин да катуу шамал болуп, кар жаай турганы маалымдалууда жана ведомство жарандарга дарактардын жанынан өзгөчө абай болууну эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/content11879
Добавить комментарий ×