Бүгүн «Сүмөлөк Fest 2017» фестивалы өтүп жатат
Поделиться в:
20- март күнү, саат 10дөн баштап «Супара» этно-комплексинде 40 казан сүмөлөк кайнатылып башталып, 21-март күнү сүмөлөктөр ачылып, элге ооз тийгизилет.
“Былтыр, 2016- жылы 11 казан сүмөлөк кайнатылса, бул сапар кыргыздын «кырк» деген жакшы санын эске алып, 40 казан сүмөлөк кайнатканга өлкөбүздүн булуң бурчунан «сүмөлөк кайнатам» деген топторду бириктирип, ал эле эмес, сүмөлөк кайнаткан башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүн чакырып, быйыл өткөзөбүз.” деди аталган иш чаранын уюштуруучулары.
20-март күнү «сүмөлөк аралаштырам, тилек тилейм» же болбосо жөн гаана «кандай жасалышын көрөм» деген конокторго, эшиктер саат 10:00дөн баштап ачык! Кируу акысыз
Ссылка: https://barometr.kg/content1186
Добавить комментарий ×