Бишкекте маршрутканы айдап баратып клип көргөн айдоочу иштен кетти
Поделиться в:
Бишкекте маршутканы айдап баратып клип көргөн айдоочу иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэрия ЖМКдарда жана социалдык тармактарда кечээ микроавтобустун биринин жүргүнчүсү тарткан видео жарыялангандан кийин чара колдонгон. Шаардык транспорт башкармалыгы бул фактыны аныктады. Жыйынтыгында №204 каттамдын айдоочусу Э.А.Тиленчиев жүргүнчү тартууда жана жол тартибин сактоодо одоно эреже бузганы үчүн жумушунан бошотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/content11847
Добавить комментарий ×