Нооруз майрамында коопсуздукту 6000 милиция камсыздайт

20 марта 2017 11:52 308 Barometr
Поделиться в:
ok

 

 Эртең, 21-мартта Нооруз күнү республика боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 6 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Мындан тышкары борбор калаанын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет:

"Ала-Тоо" аянтынын аймагы;

Киев көчөсү;

Чүй кең көчөсү жана М.Фрунзе көчөсү (Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин);

Термечиков көчөсү (Гагарин көчөсүнөн Толстой көчөсүнө чейин);

Лев Толстой көчөсү (Бах көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин);

Гагарин көчөсү (Бах көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин).

Ошондой эле, майрам күнү эл көп топтолгон жерлер курчоого алынат, ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү пункттарынан өтөт. Ички иштер министрлиги жарандардан киргизилип жаткан чектөөлөрдү туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1183



Добавить комментарий