Эл артисти Сабира Күмүшалиева тирүү болгондо туптуура 100 жашка толмок

20 марта 2017 10:10 543 Barometr
Поделиться в:
ok

Театр корифейи,  атактуу актриса  Сабира Күмүшалиева тирүү болгондо  туптуура 100 жашка чыкмак.  Актриса  70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул мезгил аралыгында100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атынын тагдырындагы" Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, "Уркуя", " Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана " Кызыл алма" өңдү көптөгөн фильмдерде тартылган. Эң кызыгы элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповду ойногон. Сабира  апа өмүрүндө өзүнүн туулган күнүн, 8-мартты жана 19-март театр ишмерлеринин күнүн өзгөчө күтчү дешет  жакындары.

Ссылка: https://barometr.kg/content1181



Добавить комментарий