Кыргызстандын эң сымбаттуу мырзасы аныкталды (фото)

19 февраля 2018 07:33 1070 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 18-февралда Мамлекеттик циркте Бишкектин эң келбеттүү жигиттерин аныктаган сынак болуп өттү. Бул тууралуу “Mister universal ambassador” эл аралык уюму социалдык тармактагы баракчаларына маалымдады.

Белгилүү болгондой, "Mister universal ambassador Kyrgyzstan-2018" наамын Бишкектеги №74 мектептин окуучусу Аскат Осмонов  жеңип алды. Ал аталган мектепте 11-класста учурда билим алат. Жеңүүчү катары эми ал эл аралык сынактарга катышмакчы.  

Келбеттүү мырзалардын сынагын Alim Serebrov эл аралык моделдик агенттиги уюштурган.

Сынакта 30 мырза ат салышып, өзүн алып жүрүү, моделдик өнөр жагынан төрт багытта мелдеш тактап айтканда улуттук, классикалык, дизайнердик жана өзгөчө кийим боюнча атаандашты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11803



Добавить комментарий