Иранда учак кулады, ТИМ кыргызстандыктардын бары-жогун текшерүүдө
Поделиться в:
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда болгон авиа кырсыктын кесепетинен жабыркаган кыргызстандыктар барбы же жокпу тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн 18-февралда ТИМдин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги берген алдын ала маалыматтарга таянсак, 18-февралда болгон жабыркаган жана каза тапкан 66 адамдын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Эскерте кетсек, бүгүн 18-февралда жүргүнчү учак Ирандын Семир шаарынын аймагында кырсыкка учураган. Бортто алтымыш жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон. Бир нече адам гана аман калганы айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11801
Добавить комментарий ×