Илмиянов менен Кутушев депутат болуудан баш тартты, кезек Аида Касмалиевада

18 марта 2017 17:24 346 Barometr
Поделиться в:
ok

Икрамжан Илмиянов КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен чыгууга арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.. Илмиянов КСДП партиясынын  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 50-катарда турат. Ал Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп келээри айтылып жаткан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси кызматынан жакында эле бошотулган Абдыманап Кутушев дагы талапкерлердин тизмесин чыгуу боюнча арыз берген. Кутушев КСДПнын тизмесинде 51-катарда турат. Кезек эми журналист Аида Касмалиевада. Ал тизме боюнча  52-катарда турат

Ссылка: https://barometr.kg/content1180



Добавить комментарий