Алматадагы атайын операцияда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек кармалды

16 февраля 2018 22:42 6921 Barometr
Поделиться в:
ok

“Казакстандын үч областында жана Алмата шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде  29 адам кармалды”,- деп маалымдады Tengrinews.kz Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына шилтеме берип.   

"15-16-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы аракеттенүү улуттук бюросу менен биргеликте бажыга байланыштуу тармактагы мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюу жана өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик кылып жаткан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөттүү максатында бир эле учурда Алмата, Жамбыл жана Түштүк-Казакстан областында, ошондой эле Алмата шаарында ири масштабдуу атайын операция жүргүздү”,-деп айтылат кабарда.   

Анын натыйжасында 29 шектүү адам кармалды, алардын 16сы Алмата, Жамбыл областынан жана Алмата шаарынан, 13ү Түштүк Казакстандан болот.

 “Кармалгандардын арасында бажы кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, крим дүйнөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын эки жараны бар. Тергөө-иликтөө иштери уланууда”,-деп билдирди Башкы прокуратура.

Barometr.kgнин  Казакстандын укук коргоо органдарындагы булактары берген маалыматына караганда, атайын операциянын маалында  парламенттин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек кармалды.

Ошол эле учурда "Кыргызстан" фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков анын фракциясындагы депутаттын кармалганы тууралуу маалыматты билбей турганын айтты. Barometr.kgнин суроолоруна жооп узатып жатып ал аймакта эмес экенин кошумчалады.

“Менде мындай маалымат жок. Мен тактайм”,-деп айтты чочуган үн менен депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11771



Добавить комментарий