Белгисиз адам жарым миллион долларды кыргыз-өзбек чек арасына ыргытып кеткен

16 февраля 2018 15:30 2064 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери Кыргызстандын аймагына 573 миң долларды мыйзамсыз жашырууга аракет кылган фактыны аныкташты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдады.

Аталган маалыматка таянсак, саат 5.00дө чек арачылар сумка көтөргөн адамды байкап калышкан, ал чек араны кесип өтүүгө аракет кылган. Токтотуу талабы айтылган кезде белгисиз адам сумкасын ыргытып жиберип качып кеткен.

Сумкада скоч менен оролгон доллар болгон.

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандын өздүгү такталып жатат.

 

 

    

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11760



Добавить комментарий