III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш датасы белгиленди

16 февраля 2018 14:33 810 Barometr
Поделиться в:
ok

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш датасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оюндардын ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери 36 улуттук спорт түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80 ашык өлкөлөрүнөн 3000 тегерегинде спортчу катышары болжонууда. Иш чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500 жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 15-декабрында салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берген.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11757



Добавить комментарий