Апрель баатырларынын ысымы чокуга ыйгарылды
Поделиться в:
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы чокулардын бирине “Апрель революциясынын баатырлары” деген ат ыйгарылды. Тийиштүү мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ага ылайык Тескей Ала-Тоодогу 4142 метр бийиктиктеги чоку расмий аталышка ээ болот. “Географиялык аталыштарга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзам парламент тарабынан ушул жылдын 15-мартында кабыл алынган. "Бул мыйзам Апрель баатырларынын атын кылымдарга калтыруу максатын көздөйт" деп жазылат билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content1175
Добавить комментарий ×