Тумандан улам Манас аэропортуна келген баардык учактар коно алган жок
Поделиться в:
Аба ырайынын шарттарынан улам Манас аэропортунун ишинде өзгөрүүлөр болду.
Аэропорттун басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, эртең менен баардык учуулар токтотулду. Учуучу-конуучу тилкенин үстүн коюу туман каптагандыктан келген учактар да коно алган жок. Бир нече аба кемеси Ош жана Алмата аэропортторуна жөнөтүлдү.
Аба каттамдары менен жүрө турган баардык жүргүнчүлөрдөн 0312 69 31 09, 0312 69 30 09 телефондору менен байланышып, учуунүн күн тартибин тактоону өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content11749
Добавить комментарий ×