Канадада эки учак кагышып кетти

18 марта 2017 12:15 461 Barometr
Поделиться в:
ok

Канададагы Монреалдын түштүгүндө жайгашкан ири соода борбордун үстүндө эки учак кагылышып кеткен. Жыйынтыгында бир адам көз жумду. Дагы 3 киши ар кандай жаракат алышкан. Бир учактын учкучу набыт болду. Экинчисинин учкучу жана жердеги 2 жолоочу жаракат алды. Би-би-си маалымдагандай, кагылышуудан кийин бир учак соода борбордуе тамына түшкөн, экинчиси болсо унаа токтомого түшкөн. Маалыматка караганда, эки учак тең окуя болгон жерден алыс эмес жердеги авиация академиясына тиешелүү болушкан. TVA телеканалы учкучтардын биринин диспетчер менен болгон байланышын эфирге чыгарган, анда диспетчер экинчи учкучка башка учак жакындап калганын эскерткен.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1171



Добавить комментарий