Ош шаарына Иран 1 миллион долларлык спорт комплекс курат
Поделиться в:
Ош шаарында Иран мамлекети берген 1 миллион доллар грантка заманбап спорт комплекси курулат. Бул тууралуу калаанын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев 16-мартта Иран ислам республикасынын Кыргызстандагы элчиси Моджтаба Рузбехани менен жолуккан. Алар Ош шаарына курула турчу спорт комплекстин долбоорун талкуулашкан. Аталган спорт ордосу шаардын "Манас-Ата" кичирайонуна курулат. Шаар башчысы аталган спорт ордосун эки мамлекеттин тыгыз мамилесин чыңдоо максатында "Достук" деп атоону сунуштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1170
Добавить комментарий ×