Кыргызстанда 2023-жылга чейин кандай кесиптерге суроо-талап көп болот?
Поделиться в:
Кыргызстанда жакынкы жылдарда кайсыл кесиптерге суроо-талап көп болот. Бул тууралуу жоопту бүгүн болгон басма сөз жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Евгения Чубукова берди.
Анын айтымында, 2018-2023-жылдарга адистерге карата суроо-талап картасы кайрадан жаңыртылды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылдарда эмгек рыногунда айыл чарба, билим берүү, курулуш, энергетика, байланыш, транспорт жана өнөр жай тармагындагы адистерге суроо-талап жогору болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content11694
Добавить комментарий ×