Каирдин ылай толгон көчөсүнөн атактуу падыша Рамсес Iiге таандык айкел табылды
Египеттин тарыхындагы эң атактуу падышалардын биринин айкели табылганын Reuters жазып чыкты. Айкел Каир шаарынын четиндеги тар, ыплас көчөлөрдүн биринен табылган. Бирок, тилекке каршы, тарыхый байлык бүтүн эмес болгон. Каирдин четиндеги тар, ыплас көчөдөн фараондун айкели табылды. Ылайдын арасынан табылган статуянын калдыктары тарыхчылардын болжолунда Египетти 3000 жыл илгери башкарган Рамсес II ге таандык дешүүдө. "Өткөн жуманын шейшемби күнү мага жергиликтүү бийликтен чалып, кварциттен жасалган айкел таап алышканын айтышты. Биз ал жактан падышанын бюстун, башынын жарымын таптык. Кийин оң кулак бөлүгү менен көзүн жана таажыны элестеткен бөлүгүн ылай алдынан алып чыгышты", - деп билдирет Египеттин искусство жаатындагы министрликтин башчысы Халед аль-Анани.
Ссылка: https://barometr.kg/content1166
Добавить комментарий ×