Өкмөт башчы Баткенде кызына деп 200 сомго желим өтүк алды
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн Баткен областына жумушчу сапар менен барган учурда кичинекей кызына арнап «Лейлек» ишканасы чыгарган желим өтүк сатып алды.
Жергиликтүү аткаминерлер аны баткендик ишкерлер чыгарган көргөзмө-жармакеге алып барышканда өкмөт башчыга кичинекей балдарга арналып чыгарылган желим өтүктөр жакты. Аларды «Лейлек» ишканасы чыгарат.
Бир өтүктүн баасы 200 сом. Сапар Исаков 5 миң сом берип кызына өтүк алды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жумушчу сапары менен барган. Премьер-министр өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content11646
Добавить комментарий ×