Алыш күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш старт алды
Алыш күрөшү боюнча эл аралык Гран-При мелдеши ачык деп жарыяланды
17-мартта, Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкула атындагы Спорт ордосунда алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү, коомдук жана саясий ишмер Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине жана 50-жылдык юбилейине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык Гран-При мелдешинин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри, алыш күрөш федерациясынын ардактуу президенти Чолпон Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Данияр Төлөнөв жана Кыргыз Республикасынын алыш күрөш федерациясынын президенти Акылбек Эшимов катышышты.“Кыргыздын улуттук спорту болуп эсептелген алыш күрөшү боюнча дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде федерациялар түзүлүп, Азия, Европа континенттеринде кызыктуу спорт оюндарынын катарына кирип “кыргыз” деген эн тамга менен аалам кесип жүрөт. Алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү, кыргыздын чыгаан уулу маркум Баяман Эркинбаев дүйнөлүк спорт аренасынын, кыргыз мамлекетинин өнөр мурас тарыхында ташка тамга баскандай ысымы түбөлүк кала берет.2002-жылы биринчи жолу Ош шаарында Азия чемпионаты өткөн. Азыркы күнгө чейин 8 жолу Азия чемпионатын жана 14 жолу Дүйнө чемпионаттары өткөн. Мисалга алсак, 2013 - жылы Татарстандагы Казань шаарында болуп өткөн Универсиаданын программасына, 2014-2016-жылдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн I II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген. Ошондой эле, 2017-жылы Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында боло турган жабык имаратта өтүүчү Азия оюндарынын программасына киргизилиши чоң жетишкендик болуп эсептелет”, - деди Нуржан Бардинова. Андыктан аталган мелдештин дүйнөлүк спорттук аренада аброю өсө берсин, күчтүүлөрдүн күчтүүсү жеңип чыксын”, - деп кошумчалады.
Байгелүү орундарга Кыргызстандын аймагынан сырткары Болгария, Иран, Казахстан, Россия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттердин спортчулары күч сынашууда.
Мелдеш эркектер арасында 6 салмакта (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг чейин жана 100 кг жогору), кыз-келиндер арасында 5 салмакта (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг чейин жана 75 кг жогору) өтүүдө.
Эл аралык мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 1 миллион 906 миң сом бөлүнгөн.
Уюштуруучулар: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын алыш күрөш федерациясы.
Ссылка: https://barometr.kg/content1163
Добавить комментарий ×