Кеминдеги базальт кенин аукционго коюшту
Чүй областынын Кемин районунда жайгашкан Сулутерек базальт кенинин “Түштүк-Батыш” аянтчасына аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдады.
Кендин баланстагы запасы 2018-жылдын 1-январына карата 1396 миң.м3. түзөт. Баштапкы баасы 4380 доллар.
Базальт кендерин биринчи картага түшүрүүнү 1931-1933-жылдары алгачкы болуп А.А.Федорович изилденген. Геологиялык түзүлүшү төмөнкү катмарларды түзөт, орто жана жогорку палеозойдун Палеоген, Неоген жана Төртүнчүлүк түзүмдөрү катышат. Көбүнесе магмалык тектер деп билдирген.
Аукцион 30 - мартта саат 12.00дө Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында райондук мамлекеттик администрациясында жыйын залында өткөрүлөт. Аукциондун катышуучуларын каттоо саат 11.00дөн 11.50гө чейин жүргүзүлөт.
Аукционго катышууну каалагандар зарыл документтерди 2018-жылдын 26 - мартында саат 15.00дөн кечиктирбей Бишкек шаары, Эркиндик пр. №2 дарегиндеги Мамкомитетин №220 бөлмөсүнө тапшыруулары керек.
Аукциондун шарттары, аукционго катышуунун талаптары, ошондой эле аукционго тиешелүү башка маалыматтар менен мамкомитеттин www.gkpen.kg Интернет-сайтынан, +996 (312) 90-98-77 телефону боюнча алууга болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content11617
Добавить комментарий ×