Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт конкурсуна катышыңыздар!
Билим берүү жана илим министрлиги “Балажан” эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору менен биргеликте, улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын Эл аралык сүрөт конкурсуна катышууга 8 жаштан 17 жашка чейинки балдарды, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да чакырат.
Конкурстун максаты – Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык мурасы менен таанышуу. Тандалып алынган эмгектер Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгын 90 жылдыгына карата Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өткөрүлүүчү көргөзмөгө коюлат. Ошондой эле жеңүүчүлөр дипломдор, эстелик белектер жана сүрөттөр томтомдоруна ээ болушат.
Эмгектер 2018-жылдын 20-мартына чейин “Балажан” борбору тарабынан кабыл алынат
Конкурс боюнча кеңири маалымат төмөнкү шилтемеде: http://balajan.kg/приглашение-2/.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылыңыздар: тел.: + 996 312 486475, + 996 312 383260, + 996 312 881211, Факс: +996 312 486319. E-mail: balajan@mail.ru.
Ссылка: https://barometr.kg/content11575
Добавить комментарий ×