Олимпиадада Түндүк Корея менен Түштүк Корея бир желек менен чыкты
Олимпиадада оюндарынын ачылышында Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын курама командалары жалпы бир туунун алдында чыкты. Мындай күтүүсүз элдешүү Корей жарым аралындагы жагдайды жөнгө салат деген божомолго түртүүдө. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын жалпы желеги ак фондогу Корей жарым аралын чагылдырат.
Олимпиада өтөр күндүн алдында Ким Чен Ын Түндүк Кореянын армиясынын 70 жылдыгына арналган аскер парадын өткөргөн.
Ушул тапта Түндүк Кореянын лидеринин карындашы Ким Йо Жонг Пхёнчханда Түндүк Кореянын делегациясынын мүчөсү катары жүрөт.
Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11551
Добавить комментарий ×