Улуттук банктын күмүш тыйындарын Германияда калтырбай сатып алышты
Улуттук банк Германиянын Берлин шаарында Дүйнөлүк тыйын жарманкеси-2018 көргөзмөсүнө катышты. Аталган жарманке-форум быйыл 47-ирет өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, Кыргызстандын атынан көргөзмөгө 48 күмүш тыйын коюлган. Алар “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тыйындарда”,”Кыргызстандын Кызыл китеби”, “Тарыхый окуялар”, “Кыргызстандын архитектура жана тарых эстеликтери”, “Кыргыз каганатынын доору” жана башка сериалардан сунушталган тыйындар.
“Көргөзмөгө сунушталган коллециялык монеталардын баары нумизматикалык коомчулуктун зор кызыгуусун жаратты. Кыргыз тыйындарын иш-чарада эле сатып алып кетишти”,-деп билдиришти Улуттук банктан.
Ссылка: https://barometr.kg/content11536
Добавить комментарий ×