Психология: 20 минуттук стратегия баардык максатыңызга жеткирет!

7 февраля 2022 12:12 1766 Barometr
Поделиться в:
ok

Көп учурда алдыга койгон максатка жетүү мүмкүн эместей туюлат, бирок кыялыңызды ишке ашырууга мүмкүндүк дайыма бар. Өзүңүздүн максатка жетиш үчүн күн сайын аны аз-аздан жасап отуруп реалдуу кыла турган стратегия так сактасаңыз мыкты иштейт. Ал атайлап эле жасалган кичине кадамдар. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Бул теория 20 минут деген эрежени камтыйт.    

Аталган эреженин мааниси өз максатыңызга жетиш үчүн кыла турган аракеттерди дароо эле чамынып жасап, анан бир апта, эки апта өткөндөн кийин шалпайып жатып калбай, күн сайын болгону 20 мүнөттөн гана убакыт бөлүү менен жетише аласыз деген сөз. Ал тургай бул иш менен алектенгиңиз келбей жатса да 20 мүнөткө адам чыдоого жөндөмдүү. Бул мотивация үчүн жана жалкоолуктан аралыш үчүн эң сонун ыкма. 

20 мүнөт эрежеси

20 мүнөттү спорт менен машыгууга бөлсөңүз, ден соолугуңуз тууралуу ойлонбойсуз. 20 мүнөт үй жумуштары менен алектенсеңиз, чачылганды унутасыз. 20 мүнөт медитация кылып отурсаңыз чыгармачыл кризис дегенди унутасыз.  

Аялыңызды же күйөөңүздү угуш үчүн 20 мүнөт табыңыз, ортодогу чатак азаят, мамилени калбына келтиресиз. 

20 мүнөт өзүңүздү угуп күндөлүк ишиңизди пландасаңыз идея жоктугунан жабыр тартпайсыз. 20 мүнөттү киреше түзүүчү булактарды түзүү менен иштеңиз, каржылык байлыкка тынчсызданбайсыз.  

20 мүнөт эс алууга бөлүңүз, чарчооңуз басылат. 20 мүнөт пайдалуу китеп окуңуз, акыркы бир иштин эксперти болуп чыгасыз. Мунун баарын кийинкиге калтыра барсеңиз эч нерсе жок! Жок жана дагы бир жолу жок! 

Ал эми өзүңүздү колго алып 20 мүнөт эрежесин аткара баштасаңыз анда сизди бул көндүмдөр  дайыма бар жана бар деген жашоого алып келет. Анда ийгилик!      

Ссылка: https://barometr.kg/content11511



Добавить комментарий