Кыргызстандын шартында Интернеттен кантип акча тапса болот?
Интернет адамдарга 30 жыл мурда ал тургай кыялга да келбеген нерселерди берди. Алар: кайсы гана маалыматка болбосун кол жеткирүү, билим алуу жана алган билимди бөлүшүү, ошол эле учурда каражат табуу. Интернеттен акча таап байлык топтогон адамдардын катарында Марк Цукерберг, Джеффри Безос, Сергей Брин, Павел Дуров жана башкалар турат. Сиз да онлайн бизнес кылсаңыз болот. Кантип?
Чындыгында Интернеттен акча табуунун жолдору абдан көп жана болочокто дүйнөлүк желе өзүнүн “торун” дагы деле болсо кеңири жая бермекчи. Алардын ичинен бир аз гана бөлүгүнө жана Кыргызстандын шартында реалдуу иштеп жаткандарына токтолуп өтөлү.
Интернет коммерция
Интернеттин улуту жок жана анда коммерция жасоо мүмкүндүгү баарына бирдей. Бул категорияга товарларды сатуу да кирет. Мисалы сиз жеке өзүңүздүн интернет дүкөнүңуздү ачсаңыз же болбосо дүйнөлүк онлайн соода платформалары болгон ebay, Amazon, Таобао, Aliexpress, 1688 жана башка онлайн дүкөндөрүн колдонсоңуз болот. Интернет коммерциянын ишин жолго коюп алса жашоого каражат тапса болот. Азыр алар аркылуу товар сатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири.
Өзүңүздүн жеке интернет дүкөндү иштетип бара-бара рыноктогу ири оюнчуга да айланышыңыз ыктымал. Албетте буга көп убакыт жана күч-аракет керектелет
Интернеттеги жарнамага иштөө
Бул да болочоктуу бизнестердин бири. Жеке сайтыңызды же видео блогуңузду ачып, ал жерге трафик алып келиңиз жана ага контексттүү же баннердик жарнамаларды жайгаштырыңыз. Кирешеңиз сиздин сайтка кирген колдонуучулардан көз каранды. Сайтты тартымдуу кылыш үчүн ага сапаттуу конттентти: макалаларды, видеороликтерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууңуз кажет. Маалымат эч жерде жок уникалдуу болсо андан да жакшы.
Фриланс - аралыктан иштөө
Фриланс офиске отуруп иштөөгө караганда адамдарга көп эркиндик берет. Бул үчүн сизге стол, кресло жана Интернетке кошулган ноутбук зарыл. Башкы талап берилген тапшырманы убактысында аткаруу.
Ошентип жогоруда маалымдагандай Интернеттен акча туубунун жолдору абдан көп, алардын катарына ар кандай биржалар, каржы пирамидалары, веб-сайттарды жасап сатуу, социалдык тармактарда иштөө, шилтемелерди жайгаштыруу жана башкалар кирет. Бирок жогоркудагы үч багыт Кыргызстанда жаңы гана калыптанып иштеп жаткан багыттар. Балким бул агымга кошулуп бизнес кылууга сиз да өтөсүз!
Ссылка: https://barometr.kg/content11380
Добавить комментарий ×