Кыргызстан жогорку технологиялык коомчулукту түзүүгө багытталды

3 февраля 2018 09:46 610 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 2-февралда, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» Эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Өкмөт башчы бүгүнкү тема Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешин өткөрүү алдында абдан актуалдуу деп белгиледи. Анын пунктарынын бири болуп Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу маселеси эсептелинет.

«Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап жана бардык аракеттерин жогорку технологиялык коомчулук түзүүгө бурду. Санариптештирүү бизге өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чоң секирик жасоого мүмкүнчүлүк түзөт, учурдагы этапта мамлекеттик кызматтардын таасирдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чукул жыйынтыктарын бере алат, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, биздин жарандар үчүн кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзөт, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууда мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Бул максаттарга жетиш үчүн Кыргыз Республикасы «Таза Коом» санариптик транформациялоонун улуттук программасын ишке киргизди, которо келгенде бул «таза жана ачык коом» дегенди түшүндурөт», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр өзүнүн ачыктыкка, тазалыкка ыктагандыгын жана жарандар алдындагы отчеттулуукту, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнү ырастоо иретинде, өлкөнүн Өкмөтү аймакта биринчилерден болуп «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесине Open Government Partnership (OGP) кошулду, ал өзүнө дүйнөнүн 75 өкмөтүн бириктирет. Мониторгдөө эл аралык эксперттер тарабынан ишке ашырылат: жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик кызматтар, таза мамлекеттик сатып алуулар, ачык маалыматтар жана тоо-кен иштетүү секторунун тазалыгы.

Сапар Исаков «Таза Коом» сыяктуу масштабдык долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстандын алдыга койгон негизги милдеттерин белгилеп кетти. Ал Кыргызстандын санариптешүүсүнө бир жыл толо электигин, бирок чоң секирик жасалгандыгын белгиледи.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11315



Добавить комментарий