Атын айтпаган ишкер жигит жакыр үй-бүлөгө квартира сатып берди

2 февраля 2018 16:04 9328 Barometr
Поделиться в:
ok

Аты-жөнүн айтпаган казакстандык меценат балдар үйүндө чоңойгон, батирден батирге көчүп жашаган Евгений Дмитриевдин үй-бүлөсүнө Караганда шаарынан батир сатып берди. Евгений балдар үйүндө чоңойгон, аялы жана эки баласы бар.

“Бул ишке күбө болгон Астананын тургуну атын-жөнүн айткысы келбеген меценат бул үйу-бүлөгө кандайча квартира сатып бергенин кеңири маалымдады”,-деп кабарлайт NUR.KZ.

“Мен жашоодо көп эле адамдарды көрдүм, жакшысынан жамандары көп эле. Бирок бул ишкер үйдөн куулуп чыгып көчөдө калган үй-бүлөгө жардам берди. Ал аталган үй-бүлө тууралуу гезиттен маалымат окуп билген. Үй-бүлөнүн кожоюну жетим балдар үйүндө тарбияланган жана аялы, эки баласы менен мурда убактылуу жашап жаткан үйүнөн чыгарылган. Бирок ишкер Караганда шаарында алар жашап жаткан үйдү кайра сатып берди. Мындан тышкары турмуш тиричилик техникасын, балдарга  белек катары оюнчулуктарды сатып берди”,-деп билдирди Астананын тургуну.

Эскерте кетсек, бул жагымдуу окуя Жаңы жыл алдында болду.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content11309



Добавить комментарий